АНДОРРА
АНДОРРА Андорра Княздыгы—Европанын түш.-батышындагы мамлекет. Франция менен Испаниянын чек арасында, Чыгыш Принейде, Валира-дель-Орьен (Эбро д-нын алабы) д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 464 км2. Дүйнөдөгү аянты б-ча эң чакан өлкөлөрдүн бири. Түндүктөн түштүккө карай 25 кмге, батыштан чыгышка 29 кмге созулат. Калкы 83,9 миң
(2009). Борбору – Андорра-ла-Велья ш. Расмий
тили – каталан тили; о. эле испан, француз тилдери да колдонулат. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Адм.-айм. жактан 7 общинага бөлүнөт. А. – БУУнун (1993), ЕККУнун (1999), Европа кеңешинин (1994) мүчөсү. А.А. – унитардык мамлекет. Конституциясы 14.3.1993-ж. кабыл алынган. А. – парламенттик княздык. Мамл. башчысы – Франция президенти жана Урхель епискобу. Кош башкаруу бирдей бийликке ээ. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу Генералдык кеңеш (4 жылга шайланат). Генералдык кеңештин башкаруу органы – синдикатура, аны генералдык синдик башкарат. Саясий партиялары – Либералдык союз жана Улуттук-демокр. биримдик. Жерг. калкы андорралыктар (45,98%), көпчүлүгү – испандар (26,4%); о. эле португалдар (14,2%), француздар (4,9%), англичандар, шотланддар, мароккалыктар, немистер, инди-пакистандыктар, еврейлер, филиппиндиктер жашайт. Католик динин тутат. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 80,8, аялдарыныкы – 87,6 жаш. Орт. жыпггыгы 1 км2 жерге 181 киши. Шаар калкы 93% (2000). Ири шаары – Андорра-ла-Велья. Алгач 805-ж. Урхель епискобунун испаниялык документтеринде эскерилет. 1278-жылдан Франция менен Испания епискобунун кош башкаруусунда болгон. 1793-ж. Франция башкаруудан баш тартып, бирок 1806-ж. башкаруу бийлиги Наполеон I Бонапарт тарабынан калыбына келтирилген. 1866-67-ж. конституция киргизилип, өлкөнүн ичинде епископтун бийлиги чектелип, бирок толук эркиндикке жетишкен эмес. 1993-ж. Испания менен Франция бир келишимге келип, биринчи конституциясы кабыл алынып, азыр суверендүү мамлекет (княздык).
Экономикасынын
негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80% ин берет. Жылына 16 млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү
3,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 34,6 миң доллардан (АКШ; 2013) туура келет. А. – эл аралык финансы борбору; көптөгөн товарларга салыктын жоктугу туристтерди гана эмес, о. эле чет өлкөлүк инвесторлорду, коммерсанттарды, финансисттерди да кызыктырат. Минералдык жана терм суулары дарылоодо, үйлөрдү жылытууда пайдаланылат. Батыш Европадагы ден соолукту чыңдоочу эң ири Кальдеа комплекси иштейт. Too дарыяларындагы чакан ГЭСтерден электр энергиясы өндүрүлүп, Испанияга экспорттолот. Жеңил, тамак-аш (сыр, минералдуу суулар, тамеки), жыгаччылык (Пириней Кызыл карагайынан, эменден Испаниянын мебель ф-калары үчүн жогорку сапаттагы такталар даярдалат) өнөр жай ишканалары бар. Жеринин 2,2% иштетилет. Тоолуу аймактарында кой, эчки багылып, өрөөндөрүндө тамеки, арпа, кара буудай, картошка, жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Темир жол
жана аэропорт жок; негизги транспорту болгон автомобиль жолунун уз. 269 км. Экспортко туз, жүн, сыр, жыгач көмүрүн, минералдуу суу чыгарып, сырттан өнөр жай товарларын, азык түлүк алат. Негизги соода шериктери: Франция жана Испания.
С. Айткулова.