АНДЕЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДЕЗИТ (Түш. Америкадагы Анд тоолорунун атынан) – порфир структурадагы эффузив

тоо теги. Курамында Si02 54-62% жана K20+Na20 6% ке чейин. 1836-ж. нем. геологу К. JI. Бух алгачкы жолу аныктаган. Негизинен жанар тоо айнегинен турат; айнектин арасында плагиоклаз, андезин, пироксен, кээде магнетит, роговая обманка сыяктуу минералдардын кристаллдары учурайт. А. курамы кремний (56–60%) жана калийден, магнийден, кальцийден, темирден турган жанар тоо лаваларынын жер үстүндө же ага жакын тереңдикте сууп, катууланусунан пайда болот. Базальттар менен чогуу азыркы жана байыркы жанар тоолордун аймактарында, жер үстүнө чыккан тоо тектердин негизги бөлүгүн түзөт. А. к-таларга чыдамдуу буюмдарды жасоодо жана курулуш иштеринде пайдаланылат.