АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ
АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ-- Талас р-нунда, Кыргыз Ала Тоосунун түш. капталында, Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 2600 м бийиктикте жайгашкан. 1956-ж. табылып, 1982-85-ж. издөө жана 1986–88-ж. баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери жана аны жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Кенташ ордовик жана силур мезгилдеринин кумдук, сланец тектери менен гранит-диорит интрузиясынын кошулган жериндеги брекчияланып, серпентиниттешип, хлориттешип өзгөргөн тилкесинде топтолгон. Кенташ (руда) тулкусу тарам, линза түрүндө жатат. Негизи минерал дары: халькопирит, малахит, пирит, халькозин, галенит ж. б.; компоненттери: жез, алтын. Жездин кенташтагы өлчөмү – 0,36%, алтындыкы 1,83 г/ти Божомолдуу ресурсу: жездики 29953 29953 т,алтындыкы 15 т.