АНГОРА ЭЧКИСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГОРА ЭЧКИСИ – жүн (тыбыт) багытындагы эчки породасы. Түркиянын Ангора (аты ушундан) провинциясында илгертен асыралган.

АНГОРА ЭЧКИСИ 80.png

19-к-да АКШ, Африка, Австралияга алып келинген. Текесинин салм. 50-55 кг, эчкиси 32-36 кг. Бир эчкиден жылына 90-100 кг сүт саалат. А. э-нин жүнү ак, жылтылдак, бир кылка, ичкелиги 44-46-сапатта. Жүнүнүн уз. 25 см. А. э-нин жүнүнөн сапаттуу кездеме (драп), тукаба, килем, түрдүү трикотаж, терисинен мех жасалат. А. э. кылчык жүндүү эчкини аргындаштырууда пайдаланылат. А. э. жана аргындары О. Азияда, Түн. Кавказда, Казакстанда багылат. Кыргызстанда жерг. эчки менен аргындаштырылган.