АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ-(1812–14). Англиянын АКШнын соодасын, экономикасын үзгүлтүккө учуратууга жана АКШнын башкаруучу чөйрөлөрүнүн Канаданы басып алып, өз ээликтерин кеңейтүүгө умтулушунун натыйжасында келип чыккан. Англия флотунун Американын кемелерин басып алышы согушка шылтоо болот. 1812-ж. 18-июнда АКШ Англияга согуш жарыялайт. Америкалыктар Эри (1813-ж. сентябрь), Шамплейн көлдөрүнүн жанында ири жеңиштерге жетишет. Ал эми англичандар деңиздеги күчүнүн көптүгүнөн пайдаланып, 1814-ж. 24-июлда АКШнын жээктерине аскер десантын түшүрүп, Вашингтонду басып алган жана шаардын көп бөлүгүн өрттөп жиберген. Согуш АКШнын көз каранды эместиги үчүн амер-тардын жүргүзгөн күрөшүнө айланат да, амер. аскерлер бир топ жеңиштерге ээ болгон. 1814-ж. 24-декабрда согушту жыйынтыктаган Гент келишими б-ча согушка чейинки абал калыбына келтирилген.