АНГЕЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГЕЛДЕРВизантия императорлорунун династиясы (1185-1204). Негиз салуучусу Исаак II (1185–95). А. бийликке Андроник I Комнинди тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын башкаруусу Византия империясындагы ички жана тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган. А-дин акыркы башкаруучуларынын Константинополь ш-нын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү колдоосу династиянын кулашына алып келген. 1204–1318-ж. А. Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.