АНГАРА-ПИТ ТЕМИР КЕНТАШТУУ БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГАРА-ПИТ ТЕМИР КЕНТАШТУУ БАССЕЙНИ– Россиядагы темир кендери жайгашкан ири аймак. Краснояр крайындагы Ангара жана Чоң Пит д-нын аралыгында. Аянты 135 миң км. Темирдин эсептелген запасы 855 тдан ашат. Кенташтагы (рудадагы) темирдин орт. өлчөмү 39,4-40,4%. Мында 1946-49-ж. 3 кен ачылган, бирок алар азырынча казылып алына элек. Алар бир аз метаморфизмделген чөкмө кендердин тибине кирет. Калыңдыгы 80-100 0 м, уз. 15 кмге жеткен кенташтуу горизонт протерозой мезгилинин терриген тоотек катмарларынын арасында жатат. Темирлүү кабаттар тик (45-65°) жайгашып, 600 м тереңдикке чейин жетет. Кенташ негизинен гидрогематит, гематит, сидерит жана гетит минералдарынан түзүлүп, алардын өлчөмүнө жараша гематиттүү, хлорит-гематиттүү жана сидерит-гематиттүү болуп бир нече типке бөлүнөт.