АНАЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАЛОГИЯ-(гр. analogia – окшоштук) – нерселердин жана кубулуштардын ортосундагы айрым окшоштуктар. Ил. ачылыштарда А. маанилүү ролго ээ. Философияда заттардын (кубулуштардын жана процесстердин) кандайдыр бир касиеттериндеги окшоштук. Логикада анын жардамы менен эки заттын айрым касиеттери окшош болсо, башка касиеттеринин да окшоштугу ж-дө корутунду чыгарылат, корутундунун тууралыгын же натууралыгын билүү үчүн аны тажрыйбада текшерип сынап көрүү керек. Илимге бул түшүнүктү Аристотель киргизген. Р. Оуэн анын функциялык окшош катарын аныктаган.
Ш. К. Алиева.