АНАКСИМЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАКСИМЕН Милетский (б. з. ч. 585–524) – байыркы грек философу, милет мектебинин өкүлү, Анаксимандрдын окуучусу жана ишин улантуучусу. Астрономиялык көрүнүштөрдү изилдеген, аларды табигый түрдө түшүндүрүүгө аракет жасаган, о. эле дүйнөнүн негизине материянын белгилүү бир түрүн койгон. Ал чексиз,түгөнбөс, белгилүү бир түрдү ээлеген абаны мисалга келтирип жана аны жашоонун башталышы деп жарыялаган: Абадан баары пайда болот жана ага баары кайтып келет, абадан кийин гана калгандар пайда болот. Абанын пайда болушу оттун, андан кийин шамал-булуттар, суу, жер-таштардын пайда болушуна алып келет. Дүйнөнүн пайда болушу жана өнүгүшүнүн табигый түшүндүрүлүшүн А. Кудайдын келип чыгыш мамилесине дагы таратат. Ал «Баштапкы болуп чексиз абал эсептелет» – дейт. Милет мектебиндеги натурфилософиянын акыркы өкүлү катары дүйнөнү матер. түшүндүрүүгө аракет кылган.
Ш. К. Алиева.