АНАКСАГОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАКСАГАРКичи Азиядагы Клазоменден (б. з. ч. 500-428) – байыркы грек философу жана окумуштуу. Ал 30 жылдай Афиныда жашаган жана жерг. филос. мектепти негиздеген. Анын көз карашы милет мектебинин (Анаксимендин) жана Парменидцин болмуш окуусунун таасири астында калыптанган. А. окуусун космогониялык гипотеза түрүндө белгилеген: дүйнөнүн алгачкы абалы кыймылсыз, формасыз аралашма түрүндө болот жана алар эсепсиз көп майда, сезимтал бөлүктөрдөн, буюмдардан турат деп эсептеген. Убакыттын кандайдыр бир учурунда жана мейкиндиктин бир бөлүгүндө бул аралашма бат айлануучу кыймылга келет. Ага кандайдыр бир ички мамиледе – акыл (нус) аркылуу билдирилет. Акыл-эстин концепциясы филос. ой жүгүртүүнүн андан аркы өнүгүүсүнө маанилүү таасир көрсөткөн. Ал Күндүн жана Айдын тутулуусуна туура түшүндүрмө берген биринчи окумуштуу.

                                                                                                           Ш.	К.	Алиева.