АНАКРЕОНТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНАКРЕОНТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ – санаасыз, бейгам турмушту, ичимдик-шараптарды, сүйүүнү даңазалаган антикалык поэзиянын бир түрү. Аталышы б. з. ч. 7-к-да жашаган, тойдо ырдалуучу ырлардын автору Анакреонт деген акындын атынан алынган. Бизге анын кээ бир ырларынын үзүндүлөрү жана ошол мезгилдеги Анакреонтикалык поэзиянын үлгүлөрүндө жазылган айрым жыйнактар келип жеткен. Анакреонтикалык ырлар 18-к-дын экинчи жарымында жана 19-к-дын биринчи жарымындагы батыш жана орус поэзиясында көп кезигет. Аларды М. В. Ломоносов, А. С. Пушкин, Г. Р. Державин, К. Н. Батюшков ж. б. акындар жазышкан. Кыргыз поэзиясындагы анакреонтикалык ырлардын үлгүсүнө А. Осмоновдун «Үйлөнүү ыры» мисал боло алат.