АМУНДСЕН
АМУНДСЕН Руаль (16.7.1872, Борге ш., Томта хутору, Осло ш-на жакын -18.6.1928) – норвегиялык уюл саякатчы жана изилдөөчү. Борге ш-нда Вервен кеме верфинин ээси, кеме капитанынын үй-бүлөсүндө туулган. Кристиания (азыркы Осло) ш-ндагы ун-ттин медицина ф-тин бүтүргөн. 1897–99-ж. А. Жерлаш жетектеген Антарктиканы изилдеген бельгиялык экспедицияга алгач штурман, 1901-жылдан капитан болуп катышкан. Чакан «Йоа» моторлуу кемесинде үч
жолу кыштап, Түн.-Батыш өткөөл аркылуу өтүп, Гренландиядан Аляскага чейин Түн. Американы биринчилерден болуп айланып өткөн. Антарктидада Россшельф муздугу (800 кмден ашык) аркылуу өтүп, Королева Мод жерин ачкан.
«Фра�«Фрам» кемесинде Антарктикалык экспедицияны башкарып, Р. Скотт жетекчилик кылган англ. экспедициядан бир ай мурда, 1911-ж. 14-декабрда Түш. уюлга жетет. 1918–20-ж. «Мод» кемеси менен Евразия материгин жээктеп, 2 жолу кыштап, Норвегиядан Беринг кысыгына чейин барат. Челюскин тумшугунун так координатын аныктаган. 1926-ж. Шпицберген – Түн. уюл Аляска маршруту б-ча «Норвегия» дирижаблинде учкан 1-трансарктикалык экспедицияга жетекчилик кылып, Түн. уюл менен Барроу тумшугунун ортосунда кургактыктын жок экенин
аныктаган. Түн. Муз океанында кыйроого учураган итал. саякатчы У. Нобиленин экспедициясына жардам берүү үчүн А. 1928-ж. 18-июнда «Латам» гидросамолётунда учуп чыгып, бүткүл экипажы менен Баренц деңизинде өлөт. А-дин ысмы менен Антарктидадагы деңиз, тоо, Амундсен Скотт атн. америкалык ил. станция жана Түн.
Муз океандагы булуң, чуңкурдук аталган.
Ад.: Дьяконов М., Амундсен, М., 1937; Яковлев
А. Р. Амундсен. М., 1957; Пасецкий В., Блинов С. Р.
Амундсен. М., 1997. Т. Ниязов.