АММОНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММОНИЙ, NH4+ – азот менен суутек атомдорунан турган ион. Эркин абалында жолукпайт, бөлүүгө аракет кылганда эле аммиак жана суутекке ажырайт. Ал бирикмелеринде бир валенттүү металлдардын касиетине ээ. Эл чарбасында кеңири колдонулуучу туздары – (NH4)2C03, NH4N03, (NH4)2S04, (NH4)2S208. А. хлориди NH4C1 нашатырь деп аталып, медицинада көп колдонулат. Ал эми А. нитраты, сульфаты жана фосфаттары а. ч-да жер семирткич катары кеңири пайдаланылат. А. туздарынын көпчүлүгү сууда жакшы эрүүчү кристаллдар; ысытканда NH3 бөлүнүп чыгып, оңой ажырайт.