АММАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММАН – Иордания Хошимит Королдугунун борбор шаары. Амман губернаторлугунун адм.борбору. Зерка д-нын боюнда, өлкөнүн түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2013). Жолдор тоому. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, Тамеки, текстиль, цемент ж. б. өнөр жайлары иштейт. Ун-т, археол. жана ислам музейлери

бар. Байыркы убакта Раббат-Аммон, эллада-рим
доорунда Филадельфия деген ат менен белгилүү. 1921-ж. Трансиордания эмирлигинин,1946-жылдан көз карандысыз Иорданиянын борбору. 7-9-к-да араб халифаттыгынын, 10-к-дан кийин Жакынкы Чыгыштын ар кайсы мамлекетинин курамында болгон. Байыркы Рим жана араб курулмаларынын урандылары сакталган.