АМИНФЕНОЛДОР
Jump to navigation
Jump to search
АМИНФЕНОЛДОР, NHC6H4OH – кристалл түрүндөгү орг. бирикмелер; мол. салмагы 109. NH2 жана ОН тобунун өз ара жайгашышына жараша 3 изомери бар: орто 174°С, мета 128°С, пара А. Абада о- жана п- А-дун изомерлери кычкылданып, кочкул күрөң түскө өтөт; м-изомери туруктуу. Алар амфотердүү касиетке ээ; к-талар жана жегичтер менен туздарды пайда кылат. о- А. к-танын ангидриддери менен реакцияга кирип, гетероциклдүү бирикмеге өтөт. п-А. күчтүү калыбына келтиргич, оңой кычкылданып, п-бензохинолду пайда кылат. А. метаминсульфокислотасынын Na тузунан, о. эле 4-хлор нитробензолду жегич менен басым астында ысытуудан алынат. Азобоёкторду алууда, сүрөт ишинде, тери боёодо колдонулат.