АМИНДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИНДӨӨ - түрдүү орг. бирикмелердеги суутектин же башка элементтин атомун же атомдордун топторун амин тобуна (NH2) алмаштыруу реакциясы. Реакция белгилүү шарттарда аммиактын таасири менен жүрөт. А. реакциясынан баштапкы заттарга жараша ар кандай бирикмелер алынат. Галогеналкандарды аммиактын спирттеги эритмеси менен ысытканда биринчилик, экинчилик, үчүнчүлүк аминдеринин аралашмасы жана аммонийдин төртүнчүлүк туздары пайда болот. Галогенкарбон к-талары аммиак менен кошулганда амин к-таларын, ал эми галогенангидриддер аммиак менен реакцияга кирип амиддерди пайда кылат. А. реакциясына, о. эле спирттер, кетондор, альдегиддер ж. б. кирет.