АМИН СПИРТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИН СПИРТТЕРИ, а м и н ал к о г о л д о р у – молекуласында амин жана гидрооксид топтору бар бирикмелер. Амин жана гидрооксид топторунун молекулада жайгашышына жараша а-, Р-, у – ж. б. болуп бөлүнөт. Аминдер сыяктуу эле биринчилик, экинчилик жана үчүнчүлүк амин топтору болот. Алар жогорку темп-рада кайноочу негиздик касиетке ээ, аммиак жыттанган, сууда эрүүчү, май сымал суюктуктар. Олефиндердин а-оксиддеринин аммиакты же биринчилик жана экинчилик аминдерди кошуп алуусунан, нитроспирттердин нитротопторун калыбына келтирүүдөн ж. б. жолдор менен алынат. Молекуласында гидрооксид жана аминтоптору болгондуктан алар спирттер менен аминдердин хим. касиеттерине окшош болот. Практикада эң маанилүүсү – этаноламиндер. Алар С02ни өзүнө жеңил сиңирүүгө жөндөмдүү болгондуктан, газ тазалоодо, кездеме өнөр жайында жана кир жуугуч заттарды даярдоодо колдонулат.