АМАНАЛИЕВ Баатырбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНАЛИЕВ Баатырбек (1929, Чүй обл., Чүй р-ну, Ак-Бешим айылы – 1996, Бишкек) – философ, философия илимд. доктору (1966), проф. (1968). 1950-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн. Мугалимдер ин-тунда, КМУда доцент, Ош мамл. ин-тунда кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИАнын философия жана укук ин-тунда директордун орун басары, Бишкек финансы-экон. академиясында проф. болуп иштеген. Кыргыз философиясынын тарыхы жана социол. философия тармагы б-ча белгилүү адис. 40тан ашык ил. эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Илимпоздук кудуретин негизинен кыргыздардын байыркы мезгилден тартып, 20-к-дын башына чейинки коомдук-филос. ойлорунун өнүгүшүнө арнаган. А. кыргыздын атактуу Асан Кайгы, Толубай Сынчы, Санчы Сынчы, Жээренче Чечен, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч,Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок сыяктуу акын ойчулдарынын филос. көз караштарын талдаган. Алардын социол.-филос. ыймандык идеяларын терең изилдеп кыргыздын рухий дүйнөсүндөгү ордун белгилген.
Эмг.; Из истории философской мысли Кыргызского народа. Ф., 1963; Социально-политические и философские идеи Токтогула и Тоголока Молдо. Ф., 1963; Кыргызские мыслители 19-го начало 20-го вв. Ф., 1965; Из истории религии и свободомысли в Киргизии. Ф., 1968.

                                                                                                           Т. Эсенгелдиев.