АЛЯСКИТ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЯСКИТ (Аляска жарым аралынын атынан) – курамы калийлүү талаа шпатынан (ортоклаз же микроклин) жана кварцтан (25–55%) турган ачык түстүү (лейкократтуу) гранит тибиндеги магма тоо теги. 1900-ж. америкалык геолог Дж. Спёр аныктаган. Структуралык түзүлүшү бүртүктүү, чанда порфир сымал, өңү кызгылт, ак, бозомук. А. менен сейрек кездешүүчү металлдардын кендери байланыштуу. А. имараттардын дубалын кооздоодо, каптоочу курулуш материалдары катары пайдаланылат.