АЛЬТАМИРА
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬТАМИРА –′ жогорку палеолит дооруна (б. з. ч. 17–14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер ш-на жакын жерде жайгашкан. 1876–79-ж. испан археологу ―– Марселико Санс де Саутуолой ачкан жана изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк менен тартылган жана ташка чегилген бизондун, аттын ж. б. айбанаттардын сүрөттөрү, о. эле таш куралдары табылган. Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөр
дө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук мад-ттан маалымат берет. А. – бүткүл дүйнөлүк мурастын
тизмесинине киргизилген археол. эстеликтердин бири.