АЛЬП АЛКАГЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬП АЛКАГЫ негизинен мелүүн жана субтропик кеңдиктеринде жайгашкан тоолордогу табигый бийиктик тилкеси. Анда альп өсумдуктөру басымдуу. А. а-нын бийиктик абалы геогр.
кеңдикке, тоо капталдарынын нымдуулугуна жана экспозициясына жараша болот. Субальп алкагынан жогору жайгашып, бийиктеген сайын тоолордо нивалдык алкакка өтөт. А. а. Альп жана Батыш Кавказ тоолорунда 2200–3000 м, Теңир-Тоодо 3000–3500 м, Гималайдын түш. Кап-
талында 3600-5000 м бийиктикте жатат. Жайыт катары пайдаланылат.