АЛЬГАМБРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬГАМБРА (ар. аль-хамра – кызыл) – Испаниядагы Гранада шаарына жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-к-дын ортосу – 14-к-дын аягында) курулган. Альгамбра – мавритан архитектурасынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы

менен Арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. Ошондой эле Карл 5нин чала курулган сарайы бар (1526). Альгамбранын архитектурасынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы ж-дө уламыш кабарлар орто кылымда эле дүйнөгө тараган. Альгамбра Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.


Арстандардын ордосу.