АЛЬБЕДО
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬБЕДО (лат. albedo – аппак) – жарыктанган асман телолорунан түшкөн нурду чагылдыруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук. Атм-расыз планеталар жана жандоочулардын А-су өтө начар. Мис., Меркурий менен Айдын А-су 0,007ге жакын. Тескерисинче тыгыз атм-ралуу планеталардын А-су чоң. Мис., Чолпон, Юпитер, Сатурндардын А-су болжол менен нөлгө барабар. Планета жана алардын жандоочуларынын, о. эле ар түрдүү заттардын жана материалдардын А-сун өлчөөчү фотометрдик прибор альбедометр деп аталат.