АЛА БАТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Atriplex) ‒ шакардуулар тукумун дагы чөп же бадал сымал өсүмдүк. Бир же эки жылдык отоо чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашат. Топ гүлү ‒ машак, бир жыныстуу, аталык гүлү 5 муунактуу, энелик гүлүнүн көбү жан жалбыракчасыз. Мөмөсү бир уруктуу. Мелүүн ж-а субтропик алкактарында 200, Кырг-нда 11 түрү (айрыкча татар А. б-сы) өсөт. Бутактуу А.б., ачык түстүү А. б. айдоо жерде, короо-жай, жол боюнда, татар А. б-сы шор жерде, пахта талаасында өсөт. Шор топурактуу чөл ж-а жарым чөлдө бадал ж-а бадал сымал, ак А. б. кезигет. Аны кой, уй, айрыкча төө жакшы оттойт.