АЛФЁРОВ Жорес Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛФЕРОВ Жорес Иванович (15. 3. 1930-ж. т., РФ, Витебск ш.) – физик, СССР ИАнын академиги (1979), Лениндик сыйл. (1972), СССР Мамл.

сыйл. (1984), Нобель сыйл. (2000, X. Кремер  менен бирге) лауреты. В. И. Ульянов – Ленин атн. Ленинград электр тех. ин-тун бүтүргөн (1952).
1953-жылдан Ленинград физ. – тех.ин-тунда ил. кызматкер,1958-жылдан ошол ин-ттун директору болуп иштеген. Россия ИАнын вице-президенти (1990–2002), Россия ИАнын Санкт-Петербургдагы ил. борборунун президиумунун председатели (1989-жылдан). Ал жаңы технологияны иштеп чыккан жана германий вентилинин констр-сын (1958), 1961-ж. кубаттуу германий түзөткүчүн түзүп, анын негизинде күчтүк жарым өткөргүч электроника пайда болгон. Гетероөткөөлдүн физ. мүнөздөмөсүн изилдеген жана ал жарык диодунда, күн батареясында, динистордо жана транзистордо, спутниктик телекөрсөтүүгө колдонулат. Эмг.: Двойные гетероструктуры: концепция и применение в физике, электронике и технологии [Нобелевская премия] // Успехи физических наук. 2002. Т. 172. вып. 9 (библ.).