АЛТЫСАР УЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Алтын зархы – 17–18-к-дагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы аймак. А. у. Кыргыз жеринин

түндүгүндөгү Июс жана Теңир-Көл өрөөндөрүндө жайгашкан. Орус документтеринде алтысарлыктарды (алтынсары) Енисейдин төмөнкү агымында жашаган «төмөнкү кыргыздар», «кичүү кыргыздар» деп аташкан. Монгол жеңип алууларынан баштап, кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн. Ак жана Кара Июс д-нын ортолугундагы жерлерде тектүү кыргыз бектеринин өргөөлөрү жайгашкан. Ошондон улам алтысарлыктар «Чоң
кыргыздар» деген экинчи атка да ээ болушкан. Кыргыз улустары Кызыл, Шуй, Камлар, Ачин, Исар ж. б. аймактардан турган.
О. Каратаев.