АЛМАЗДУУ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Россиянын Архангел обл-нда; Архангельск ш-нан 70–100 км түн.-чыгыш тарапта. Чыгыш Европа алмаздуу провинциясынын курамына кирет. 1970–80-ж. ачылган. Негизги алмаздуулук Зимнебережный кимберлиттүү талаасына байланыштуу; анда өнөр жайлык маанидеги 2 алмаз кени ачылган (М. В. Ломоносов жана В. Гриба атн. кендер). Алардын суммардык запасы 350 млн карат, жалпы наркы 15 млрд доллар. Кимберлиттин жана ага тектеш магматизмдин өнүгүшү платформанын алгачкы герциндеги (соңку девон – ортонку карбон) активдешүү фазасы менен байланыштуу. Түтүктөр жайгашкан рифей, венддин терриген тектерин ортонку жана үстүнкү карбондун терриген жана карбонат тоо тектерин жана төртүнчүлүк мезгилдин жалпы калыңдыгы 20–50 м болгон чөкмөлөрү жаап жатат. Кимберлиттин алмаздуулугунун орт. өлчөмү 0,5-0,7 кар/г, кээ бир түтүктөрдө I кар/г га чейин. Кратер тектериндеги алмаздын орт. өлчөмү 0,3 кар /г, туфогендик колкодо – 0,9 кар/г, автолиттүү брекчияларда алмаз арбын 1,36 кар/г. Зергердик алмаздын өлчөмү 45% ке чейин.