АЛКАЛОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЛКАЛОИДДЕР ‒ азоту бар өсүмдүктөрдөн бөлүнүп алынуучу орг. негиздер. А. өсүмдүк курамында алма, шарап, лимон, акак, козу кулак ж. б. к-талар менен көбүнчө орг. туз түрүндө кездешет жана алардан ар түрдүү хим. жолдор менен бөлүнүп алынат. Эгерде кургатылган өсүмдүк курамында 1‒2 %ке чейин А. болсо, андай өсүмдүк А-ди алууга толук жарамдуу деп эсептелет. Ал өсүмдүктөр өтө эле ар түрдүү (к. Алкалоиддүү өсүмдүктөр). Азыркы күндө миӊден ашык А. белгилүү. Көпчүлүгүнүн түзүлүшү өтө татаал. Мис., морфин 1806-ж. белгилүү болсо да, анын түзүлүшү 1953-ж. синтезделип алынгандан кийин гана аныкталган. 20-к-да химиктер А-дин түзүлүшүн аныктоодо чоӊ ийгиликтерге жетишти. Көпчүлүк А. түссүз кристалл жана физиол. активдүү заттар. Алар баалуу дары болгондуктан адамдын белгилүү органдары менен системаларына күчтүү таасир тийгизет. Мис., стрихнин, кофеин адамдын борб. нерв системасын дүүлүктүрсө, морфин аны тынчтандырат. Өсүмдүк курамынан жана синтез жолу менен алынган А-дин көпчүлүгү эл чарбасында, айрыкча медицинада кеӊири колдонулат. Ад.: Орехов А.П. Химия алкалоидов. 2-изд., М., 1955; Генри Т. А. Химия растительных алкалоидов, пер. с англ., М., 1956.

                                                                                                             С. Адылов.