АЛИМБАЕВ Берик Каримович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИМБАЕВ Берик Каримович (30. 12. 1936, Фрунзе ш.‒ 20. 6. 2016, Бишкек) ‒ бийчи, педагог, балетмейстер, КРдин эл артисти (1992). 1947‒56-ж. Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы окуу жайында окуган. 1956-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында бийчи, 1958-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында классикалык бий б-ча педагог, 1972-жылдан балетмейстер-репетитор. 25 жыл ичинде дүйнөлүк, советтик композиторлордун балеттеринен башкы партияларды аткарган. Айрыкча «Бахчисарай фонтанынан» Вацлавдын, «Уйкудагы сулуудан» Дезиренин, «Дон Кихоттон»

АЛИМБАЕВ72.png

Базилиянын, «Баядеркадан» жоокер Солордун, «Куйручуктан» Куйручуктун, «Аселден» Ильястын, «Саманчы жолунан» Касымдын ж. б. ролдорун чебер аткарган. Кыргыз балет өнөрүнүн жүзүн «Москва жылдыздары», «Орус кышы», «Ак түндөр» аттуу фестивалдарда, КМШ өлкөлөрүнүн чоӊ шаарларында, Канаданын, Сириянын, Чехословакиянын, Монголиянын сахналарында көрсөткөн. Санкт-Петербургдагы Мария театрынын бийчилери менен «Жизель» балетиндеги Альберттин партиясын аткарган. Бир нече медалдар менен сыйланган.