АЛЕУТ АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕУТ АРАЛДАРЫ ‒ Тынч океандын түндүгүндөгү 110 аралдан жана көптөгөн аскалардан турган архипелаг (АКШ, Аляска штаты). Дого сымал ийилип 1740 кмге созулуп жатат. Аянты 37,8 миӊ км2. Түлкүлүү, Андреяновский, Келемиштүү жана Жакынкы аттуу 4 арал тобунан турат. Аралдарынын көбү жанар тоо конусунан туруп, карга чүмкөлгөн. 25тей аракеттеги жанар тоо бар. Эӊ бийиги Шишалдина жанар тоосу (2860 м) Унимак а-нда. Субарктика шалбаасы, тоолуу тундра өсүмдүктөрү өсөт. Балык, суу жолборс, түлөн уулоочу жай. Куну чарбасы бар. АКШнын Датч-Харбор аскер-деӊиз базасы (Уналашка а.). Аскалары ‒ канаттуулар базары. А. а. алгачкы жолу 18-к-да орус деӊиз саякатчылары тарабынан изилденген. 1867-ж. чейин Россияга таандык болгон (Аляска менен кошо АКШга сатылып кеткен).