АЛЕКСАНДР I

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР I (12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский жана Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамл. совет уюштурулуп, Харьков, Казан ун-ттери ачылган) ишке ашырган. 1812-ж. орус-француз согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, кол башчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы менен М. И. Кутузов башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеӊишке жетишкендигине байланыштуу, 1813‒14-ж. А. I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814‒15-ж. Вена конгрессин жетектеген жана Ыйык Союздун жетекчилеринин бири болгон. А. Iнин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кырг-ндын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик менен элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу Качыбекти, Жакыпбек Ниязбек уулун 1813‒14-ж., 2-ирет 1824‒25-ж. Акымбек Олжобай уулун, Алымбек Жапалак уулун, Алгазы Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай менен соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу жана императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. А. Iнин бийлигинин соӊку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу ж-дө долбоор иштелип чыккан, бирок ал Александр IIнин тушунда 1861-ж. гана ишке ашкан. А. I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.