АЛДЫ-ЖАР (АЛДЫЯР) КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛДЫ-ЖАР (АЛДЫЯР) КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Алай р-нун чек араларында. Кара-Суу темир жол бекетинен 85 км түш.-чыгыш тарапта. Биринчи маалымат 1934-ж. Куршап жана Гүлчө көмүр казуу артелдеринен алынган. 1953‒54-ж. издөө, 1974‒75-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра мезгилинде пайда болгон чөкмөлөр менен байланышкан. Бардыгы 4 кабат, анын ичинде биринчи (астыӊкы) кабат өндүрүштүк мааниге ээ. Анын калыӊдыгы 0,1 мден 7,65 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 24%. Көмүр таш көмүрдүн узун жалындуу (Д) маркасына кирет. Күйүүнүн орт. жылуулугу 32,1 МДж/кгды түзөт. Көмүр кабаттарынын жердин үстүнө чыккан айрым жерлеринде көмүрдү ачык жол менен казып алууга болот. Жалпы геол. запасы 45 млн т.