АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ ‒ оптикалык жактан аракетсиз ж-а ассимметрия борбору жок заттардан оптикалык активдүү бирикмелер пайда болуучу хим. процесс. Ассимметриялоочу агенттин (оптикалык активдүү бирикмелер) же кандайдыр бир физ. факторлордун катышуусунда жүрөт. 1904-ж. нем. химиги В. Марквольд оптикалык активдүү метилэтилуксус к-тасын 1-жолу алган. Жарым-жартылай А. с-ге алкендерди же карбонил бирикмелерин гидрлөө, галогендөө кирет. Ассимметриялык катализ практикалык чоӊ мааниге ээ. Ал гербициддерди, оптикалык активдүү ментолду, амин к-таларды, кантты алмаштыруучу заттарды, Паркинсон оорусун дарылоочу гидроксифенилаланинди ж. б. синтездөөдө колдонулат.