АЛАМҮДҮН РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН РАЙОНУ ‒ Чүй обл-нда 1940-ж. февралда уюшулуп, 1961-ж. Кант р-нуна кошулган, 1974-ж. кайра өзүнчө район болгон. Район Чүй өрөөнүнүн ортонку бөлүгүнөн, Бишкек ш-нын чет жакасынан орун алып, түндүгүнөн Казакстан Респ-сы, түштүгүнөн Жайыл (Суусамыр аркылуу), чыгышынан Чүй, батышынан Сокулук р-ндору менен чектешет. Аянты 1,4 миӊ км2. Калкы 148,0 миӊ (2009). Райондо 17 айыл аймагы, 49 кыштак бар. Борбору ‒ Лебединовка кыш.
Жеринин көбү түзөӊ, Чүй жана Байтик өрөөндөрүндө жайгашкан. Түш. тарабында Кыргыз Ала-Тоосу (эӊ бийик чокусу Аламүдүн 4875 м) созулуп жатат. Райондун аймагы деӊиз деӊг. 700‒4500 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосундагы Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайлары орун алган. Район түндүктөн түштүккө карай 79 км, батыштан чыгышка 18 кмге созулат. Райондун чегинде минералдуу жылуу суу жана курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, жайы ысык, июлдун орт. темп-расы 22‒25°С, кышы мелүүн, январдыкы ‒5…‒15°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 300‒400 мм (анын 40%и жаз мезгилине туура келет). Тоолору мөӊгүлүү, ирилери: Адыгине , Кургак-Төр , Салык ж. б. Суулары Чүй д-нын алабына кирет; райондун аймагынан Аламүдүн (ири куймасы Чуӊкурчак ), Ала-Арча суулары агып өтөт. Мындан башка 33 майда суусу, 12 майда көлү бар. Аламүдүн суусунда 1, Ала-Арча суусунда 2 суу сактагыч курулган. Кыртышы негизинен боз, кара күрөӊ жана кара топурактуу. Райондун түзөӊ бөлүгү дээрлик айдоо аянтына айландырылган. Тоолуу бөлү

АЛАМүДүН РАЙОНУ27.png

гүнө ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, тоолуу талаа жана тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Ала-Арчанын алабында карагай, арча токою бар. Анда (Бишкектен 30 км аралыкта) Ала-Арча улуттук табият паркы уюшулган.
Райондогу 122,7 миӊ адамдын (2003) 49,9%ин эркек, 50,1%ин аялдар түзөт. Кыргыз, орус, уйгур, украин, казак, татар, корей ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 88 киши. Жалпы калктын 28,9%и эмгек жашына чейинкилер, 12,7%и эмгек жашынан өткөндөр, калган 58,7%ин эмгек жашындагылар түзөт.
Башка райондорго салыштырганда өнөр жайы, а. ч-сы өнүккөн маанилүү райондордун бири. Эл чарбасында а. ч-нын үлүшү жогору. Мында дыйканчылык менен мал чарбасынын респ-дагы бардык тармактары өнүккөн. Дыйканчылыктын башкы тармактары: дан чарбасы, тех. өсүмдүктөр, жашылча, багбанчылык жана жүзүм өстүрүү. Сугатка жараксыз тоо этектери менен каптал жерлерде мөмө-жемиш бактары, жүзүм өстүрүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу 81,4 (2004) миӊ га жердин 36,9 миӊ гасы айдоо, 1,4 миӊ гасы бак-дарактар, 2,1 миӊ гасы чабынды, 40,9 миӊ гасы жайыт. Райондо уй, кой-эчки, чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондо 21 өнөр жай ишканасы (Аламүдүн тери ф-касы), монтаждык жасалгалар з-ду, эксперименттик ремонтмех. з-ду, «Эдельвейс» акционердик коому, Аламүдүн тажрыйба-ремонт мех. з-ду, «Сууавтоматика» ж. б. бар. Аламүдүн ГЭСинин каскады (жалпы кубаттуулугу 29,8 миӊ кВт.с) иштейт. Райондо калкты турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүчү беш комплекстүү кабыл алуу пункту, 10 устакана ж. б. тейлөөчү ишканалар (244 түрү) бар.
Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар ‒ Бишкек ‒ Балыкчы темир жана автомобиль жолдору, Ташкент (Өзбекстан) ‒ Бишкек ‒ Алматы (Казакстан) автомобиль жолдору өтөт.

Райондо 39 орто, 1 сегиз жылдык, 1 жатак мектеп, 42 бала бакча, 41 китепкана иштейт. Райондун чегинде ден соолукту калыбына келтирүүчү респ. оорукана жана санаторийлер (Таш-Дөбө айыл аймагында), Чүй обл. борб. оорукана (Лебединовка кыш-нда), 5 айылдык оорукана, 7 айылдык бейтапкана, 27 ФАП, Аламүдүн минералдуу жылуу суусунда ден соолукту чыӊдоочу эс алуу комплекси, Чоӊ-Таш кышкы спорт базасы, туризмди, альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу кооз жерлери (Ала-Арча, Аламүдүн, Чуӊкурчак капчыгайлары, Көгүчкөн-Сугат шаркыратмасы ж. б.) бар. «Аламүдүн кабарлары» гезити кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.
А. Актанова, А. Мырзаев.