АЛАМҮДҮН АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунда, Ашуу-Төр өрөөнүнүн төрүндө. Бийикт. 4032 м. Түш. тарабындагы Батыш Каракол өрөөнүнөн салыштырмалуу бийикт. 900 м, түндүгүндөгү Аламүдүндөн ‒ 1200 м. Жанындагы чокулардын бийикт. 4100‒4600 мге жетет. Айланасында палеозойдун түрдүү түстөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет. Ашууга баруучу жол Аламүдүндүн тепши сымал жазы өрөөнүн өрдөп, Ашуу-Төр өрөөнүнө көтөрүлөт. Андан ары аска корумдуу тик каптал менен белге чыгат. Ашуу-Төр жайыгында мореналык майда көлдөр (мөӊгү этеги 3600 м бийиктикте) бар. Түш.-чыгыш, түш. бетинин рельефи жөнөкөй. Топурак, өсүмдүктөр менен текши капталган; андан чыгышты көздөй капталдаган чукул жол Түш. Ысык-Ата өрөөнүнө түшүп, андан ары Батыш Каракол өрөөнүнө өтөт. Ашуу июндун башында ачылып, сентябрда жабылат.