АЛАЙ КОЮ
АЛАЙ КОЮ‒ эт, май, жүн багытындагы кой породасы. КРдин Ош обл-нда Алай р-нунда кыргыздын гиссар тибиндеги куйруктуу кою прекос коюнун кочкору менен аргындаштырылып алынган. Кийин куйруктуу кылчык жүндүү жана ар кандай муундагы (генерация) метис (аргын) соолуктар жүнү жакшы, куйруктуу метис кочкорлорго куудурулган. Жүнүнүн өӊүн бозортуу жана аны узартуу максатында кой тобунун бир бөлүгү саража коюнун кочкору менен кыстырынды аргындаштырылган. Натыйжада койдун генеалогиясы ар башка эки тобу алынган. Кийин бул эки топтогу койлордун соолуктары куйруктуу ак кочкор менен куудурулган, ал эми ак койлордун керектүү тиби өз ичинен
кочкор салынып өстүрүлгөн. Кийин максаттуу селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн (20 жыл бою) натыйжасында 1981-ж. бийик тоо шартында жыл бою жайытта багылуучу куйруктуу чала кылчык ак жүндүү койдун жаӊы породасы бекиген. Кочкорунун салмагы 145 кг, соолугунуку 62‒68 кг (айрымдары 85 кг). Козусу жүнү өскөлөӊ, чоӊ туулуп, тез жетилет. Күрпөӊүнүн (4‒4,5 айлык) салмагы 32‒37 кг. А. к. Ош обл-нун Алай, Кара-Кулжа р-ндорунда асыралат.
Ад.: Ботбаев И. М. Алайская порода овец и её селекция. Ф., 1982.