АЛА-ТОО КРОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-ТОО КРОКУСУ (Crocus alatavicus) ‒ чекилдектер тукумунун бир түрү. Көп жылдык пияз түптүү өсүмдүк. Пияз түбү тоголок, бийикт. 1‒2 см, калыӊ күрөӊ кабыктарга оролгон. Жалбырагынын саны 5‒15, кууш тасма сымал, гүлү ак, жыпар жыттуу, мөмөсү сүйрү кутуча. Февраль, апрелде байчечекейден кийин эле эрте гүлдөөчү өсүмдүк. Март, июнь айларында уругу бышат. Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас, Фергана жана Чүйдүн сары топурактуу өрөөндөрүндө, адырларында таралган кооз өсүмдүк.