АЛА-АРЧА ЧОПО КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АДА-АРЧА ЧОПО КЕНИ, Т ү н д ү к К а р а -С у у у ч а с т о г у Чүй обл-нун Аламүдүн р-нунда, Төмөнкү Ала-Арча кыш-нан 1,5 км түн. тарапта, Ала-Арча суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 688‒697 м бийиктикте. Кен 1927-жылдан белгилүү. Кен аймагын боз, күӊүрт сары түстөгү лёсс сымал кумайлуу топурак (чопо) жана анын арасындагы шагылдуу кум линзаларынан турган антропоген мезгилинин дарыя чөкмөлөрү түзөт. Чопо катмарларынын жалпы калыӊдыгы 43 м, анын чалгындалганы 4‒8 м. Аянты 52 га жерде кендин запасы В+С1 категориясы б-ча 3,8 млн м3 (1986). Калган запасы В категориясы б-ча 1180 миӊ м3, С1‒2258 миӊ м3, В+С1‒3438 миӊ м3. Карьер түрүндө казылып алынган чоподон Бишкектеги «Красный строитель» кирпич з-дунда «75‒150» маркасындагы кирпич даярдалат.