АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-АРЧА КАПЧЫАЙЫ Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында, Бишкек ш-нын түш. тарабында (35 км). Түбөлүк кар зонасынан (3800 м бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600 м) чыгат. Уз. 30 км, ту урасы 7 км. Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломерат, гранит жана гранит-диорит тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи жана генезистик тиби б-ча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 кмге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40‒45°), тереӊ (800 мге

чейин), нугу тепши сымал. Ал төртүнчүлүк мезгилдеги мөӊгүлөрдүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альп, субальп шалбаалары менен капталган. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы жайык келип (300‒500 м), тик капталдуу (30‒40°), тереӊдиги 300‒400 м. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала-Арча суусу агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 м бийиктикте) жайгашкан. Бишкек ш-нан альплагерге чейин асфальт жол курулган. Капчыгай ‒ Бишкек калкынын эс алуу жайларынын бири. Мында 1976-ж. аймактын табиятын сактоо максатында Ала-Арча улуттук табият паркы уюшулган.
(сър\тън табуу керек6