АКЫЛ ТАРБИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АКЫЛ ТАРБИЯСЫ ‒ тарбиянын негизги бир бөлүгү. Ал аӊ-сезимин, акыл-эсин, дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн калыптандырып, билимин, сүйлөө маданиятын өстүрүү маселелерин ичине камтыйт. Акыл тарбиясы адамдын бала чагынан башталып, өмүрүнүн акырына чейин созула берет. А.кыл тарбиясын жүргүзүүдө ата-эненин, мектеп жана жогорку окуу жайлардын ролу чоӊ. Билим берүү акыл тарбиясынын негизин түзүп, эмгектик жана нравалык, эстетикалык жана дене тарбиясы менен тыгыз байланышып, адамдын бардык жактан өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Акыл тарбиясы негизинен, коомдук чөйрөдө жана үй-бүлө шартында ишке ашырылат.