АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсадыкович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Сабырбек Мамбетсадыкович (15. 3. 1914, азыркы Чүй обл., Калинин р-ну, Кум-Арык айылы ‒ 15. 4. 1968, Фрунзе) ‒ белгилүү сүрөтчү, педагог, Кыргыз СCРинин иск-вого эмг.
АКЫЛБЕКОВ16.png

сиӊ. ишмери (1958). Жалал-Абад пед. окуу жайында (1928‒32), Москвадагы «1905-жылды эскерүү» атн. сүрөт окуу жайында (1936‒39) окуган. Адегенде С. А. Чуйковдон ж-а В. Образцов дон, кийин белгилүү орус сүрөтчүлөрү Н. П. Крымов м-н П. И. Петровичтен таалим алган. Пед. окуу жайында, мектепте сүрөт му галими (1932‒34), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында педагог (1961‒65) болуп иштеген. Алгачкы пейзаждык чыгармасы ‒ «Колхоздун короо кою» (1939) деген картинасында А. сүрөтчүлүк жөндөмүн даана көрсөтө алган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз иск-восунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлган. А. кыргыз сүрөт иск-восуна чебер пейзажчы ж-а портретчи катары кирген. Буга анын «Чүй өрөөнүндө», «Алыскы жайлоодо», «Колхоз корукчусу», «С. Моминованын портрети» деген сү рөттөрү күбө. 1952-ж. Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрын кооздоого катышкан. «Кыргыз талааларында» (1954) деген чыгармасында ил. прогресстин натыйжасында кол эмгегин техника м-н алмаштырган жагдайды чеберчилик м-н көрсөткөн. 1960-жылдары А-дун «97-чакырым да» (1960), «Кыргызстандын түштүгүндө» (1964), «Шаардын бир бурчу» (1964), «Туулган жерде» (1965) ж. б. белгилүү пейзаждык чыгармалары жаралган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында А. респ-нын индустриясын чагылдырган «Завод» (1965), «Заводдук трасса» (1966) аттуу картина ларын тарткан. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медаль м-н сыйланган.
Ад.: Прыткова Л.А. Сабырбек Акылбеков. Ф., 1968.