АССИМИЛЯЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССИМИЛЯЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛ (assimilatio ‒ кошулуу, жуурулушуп кетүү; potentia ‒ күч, өзүнөн өзү тазалануу; чирүү потенциалы) ‒ тирүү организмдер жамааты ээлеген табигый аймактын же акваториянын туруктуулугун жоготпой, табигый ж-а антропогендик заттарды (таштандылар ж-а калдыктар) чиритүү ж-а алардын зыяндуу таасирлеринен арылтуу жөндөмдүүлүгү. Ал заттар табияттын биохимиялык айлануусуна кошулгандан кийин көмүлөт. Мындай көмүүгө казылып алынуучу отундун бардык түрү кирет. А. п. заттардын биохимиялык айлануусунун ургаалдуулугуна, продуктуулугуна байланыштуу жогорку ж-а төмөнкү А. п. болуп бөлүнөт. Натыйжада орг. тиричилик өнүгөт. Эӊ жогорку А. п. токойго, айрыкча тропик токоюна таандык, анын продуктуулугу башка экосистеманыкына караганда алда канча жогору. Жогорку А. п. мелүүн кеӊдиктердин токойлоруна, нымдуу-саздак жерлерге, дельта экосистемасына, төмөнкү А. п. чөлгө, жарымчөлгө, тундрага, о. эле салыштырмалуу олиготрофтук көлмөлөргө (мис., Байкал көлү) мүнөздүү.