АКЧАСЫЗ ЭСЕПТЕШҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЧАСЫЗ ЭСЕПТЕШҮҮ ‒ төлөмдөрдү накта акчасыз ишке ашыруу жана карыздакордун эсебинен кредит мекемелериндеги кредит берүүчүнүн эсебине өзара талаптарды эсепке алуу же каражат которуу жолу менен бүткөрүү. А. э. накта акча жүгүртүүнү алмаштыруу менен ага муктаждыкты азайтат, каражаттардын айлануусун тездетет, жүгүртүү чыгымын кыскартат. Бардык А. э. кредиттик мекемелер аркылуу же алардын контролдугу астында жүргүзүлөт. А. э. каражатта рына жүгүртүү акча төлөм каражаттары: векселдер, чектер, которуулар ж. б. кирет. Банк эсебине каражаттарды которуу аларда сакталып турган төлөмөрдүн салымдарынын (банк депозиттеринин ) эсебинен же банк ссудасынын эсебинен жүргүзүлөт.