АКЧА- КРЕДИТ САЯСАТЫ
Jump to navigation
Jump to search
АКЧА_КРЕДИТ САЯСАТЫ – мамлекеттин ички экон. туруктуулугун жана өнүгүүнүн тең салмактуулугун сактоо максатында жүргүзгөн иш-чаралары. А-к. с-н Кыргыз Республикасынын Өкүмөтү менен Улуттук Банкы биргелешип жүргүзөт. А.-к. с. милдеттемеде белгиленген ИДПнын өсүш темпине ылайыктуу камсыздоо максатында, Улуттук Банк акча массасын, инфляциянын өсүш темпин, баанын туруктуулугун, о. эле кредит ресурстарын жана проценттик ставкалардын керектүү деңгээлде каралышын белгилейт. Мындай саясаттын негизки багытын ачык рыноктогу операциялар, эсеп-кысап саясаты жана резервде накталай акчанын сакталып турушу аныктайт.