АКЧА СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЧА СИСТЕМАСЫ ‒ өлкөдө мамлекет тарабынан белгиленген акча жүгүртүүнү уюштуруу формасы. Мамл. акча бирдигин (сом, доллар ж. б.), масштабын, жүгүртүүдөгү акча белгисин жана аны чыгартуу тартибин, акчаны камсыз кылуу жагдайын, акчасыз төлөөнүн түрүн, улуттук валюта курсун, акча бирдигинин алтын кунун белгилейт, улуттук валюта курсун такай көзөмөлдөйт, акча туруктуу алтын жана товар куну менен камсыз болот. Мында мамл. чекене баа туруктуу келип, акчанын товар кунун камсыз кылуу негиз болуп саналат. Жүгүртүүдө нак жана акчасыз төлөм чөйрөсү так чектелет. Жалпы эквиваленттин ролун эки металл ‒ алтын жана күмүш аткарган учурда А. с-на биметаллизм мүнөздүү болгон; андан кийин мономенталлизм орноп, акчанын ордуна бир металл (алтын же күмүш) пайдаланылган. 20-к-дын 30-жылдарынан тартып бардык өлкөлөрдүн А. с. жүгүртүүгө кредиттик жана кагаз акча белгилери колдонулуп, алтын акча ордуна пайдаланылбай калды.