АКЦИДЕНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. accidentia ‒ кокус, кокустук) ‒ нерсенин негизги, субстанциясынан айырмаланган туруксуз, өтмө, маӊызсыз, убактылуу, сырткы касиеттерин билдирүүчү филос. түшүнүк. Ал алгач Аристотелдин эмгектеринде, кийин неоплатончу Порфирийдин чыгармаларында кездешет. М., «ак» (сапат), «эки метрдей» (сан) деген түшүнүктөр өзүнчө болушу, өз беталдын ча жашашы эч мүмкүн эмес, анткени булар заттардын, нерселердин сырткы (шарттуу) касиеттерин билдирет. Бирок, нерселер да касиетсиз боло албайт. Акциденталдык касиет реалдуу жашап турганы менен анын болбой калышы да мүмкүн. Ошол себептүү мындай (утурумдук) касиеттер түпкү маӊызды билдире албагандыктан, нерселердин логикалык аныктамасы боло алышпайт. Кийинки кезде философтор «өзгөчөлүк» мүнөздөмөсү катары колдонушууда. Спиноза «модус» (жалпы субстанциянын жекече көрүнүп ‒ билиниши) түшүнүгүн колдонуу менен А-нын бир катар каршылыктарын (тактап айтканда, негизги эмес, бирок туруктуу, номиналдуу, куру аталуу же реалдуу жаратылышы бар түшүнүктөр ортосундагы каршылыктар) чечкен.