АКЦЕПТ КРЕДИТИ
Jump to navigation
Jump to search
АКЦЕПТ КРЕДИТИ‒ котормо векселдердин (трат) акцепти түрүндө берилүүчү банк кредити; тышкы сооданы банктык кредиттөөнүн бир түрү. Коммерциялык жана соода банкы төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк импортчуга пролонгацияланган кредит берет. А. к. менен экспортчу вексель жазып берүүсү мүмкүн. Банк кабыл алгандан кийин бул вексель акча рыногунда эске алынат же ал төлөнүп бүткөнгө чейин сакталат.