АКУШЕРЛИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУШЕРЛИК (фр. accoucher ‒ төрөткө жардам берүү) ‒ 1) м е д и ц и н а д а ‒ клиникалык медицинанын кош бойлуу мезгилде, төрөт убагында, төрөттөн кийин аялдын организминде болуучу физиол. жана патол. өзгөрүүлөрдү изилдөөчү бөлүмү. Ал ‒ мед. илимдин байыркы тармактарынын бири. А. аялдардын жыныс мүчөлөрүнүн оорусу ж-дөгү илим ‒ гинекология менен тыгыз байланышта. Ал кош бойлууларга, төрөткө натыйжалуу жардам берүү жана төрөттөн кийин болуучу кабылдоолордун (кан кетүү, сепсис ж. б.) алдын алуу чараларын көрөт. Эне менен баланын саламаттыгын сактоо максатын көздөйт. 2) В е т е р и н а р и я д а ‒ мал бооз мезгилинде туут жана андан кийинки учурда организмде өтүүчү физиол. жана патол. өзгөрүүлөр ж-дөгү илим. Ал малды колдон уруктандыруунун теориялык жана практикалык маселелерин иштеп чыгат; малды өстүрүү маселелерин уюштуруу, туутуна жардам берүү ыкмасын үйрөтөт. А. анатомия, эмбриология, биохимия, микробиология, физиология, хирургия ж. б. жалпы теориялык жана практикалык илимдердин жетишкендиктерине таянат.