АКУСТИКАЛЫК ПАРАМАГНИТТИК РЕЗОНАНС
АКУСТИКАЛЫК ПАРАМАГНИТТИК РЕЗОНАНС ‒ турактуу магнит талаасына жайгаштырылган парамагниттүү кристаллдардын белгилүү жыштыктагы серпилгич толкун энергиясын тандап жутуу кубулушу. Магнит талаасына орнотулган парамагниттүү кристаллда g-жыштыктагы акустикалык термелүүлөр дүүлүктүрүлөт, анын эсебинен магниттик деӊгээлчелердин арасында электрондордун бир абалдан башка абалга кванттык өтүшү пайда болот. А. п. р. кубулушу пайда болуш үчүн магнит квант санынын өзгөрүшү m=±1, ±2 тандоо эрежесине баш ийиши керек. А. п. р. өтө жогорку жыштыктагы (109 ‒ 1011 Гц) үндөр (гиперүн) үчүн байкалат. Кадимки кристаллдан алынган резонанстык сызыктын формасы жана анын туурасы парамагниттик иондун түрүнө жана кристаллдын ичиндеги талаа мүнөзүнө шартталган болот. А. п. р. сызыгынын формасына атомдун жылуулук кыймылы, кристаллдагы деффекттер ж. б. факторлор таасир этет, андыктан А. п. р. аркылуу парамагниттүү кристаллдардын структурасы ж-дө маалымат алууга болот.