АКТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТОО ‒ сот тарабынан соттолуучунун күнөөсүз деп табылышы. Актоонун кеӊири тараган түрлөрүнүн бири актоо өкүмүн чыгаруу эсептелинет. Актоо өкүмү сот отурумунда иш каралгандан кийин соттолуучуну күнөөлөгөн кылмыштын далилдери аныкталбаса, анын аракетинде эч кандай кылмыштын курамы болбосо чыгарылат (к. Өкүм). Актоо өкүмү үч бөлүктөн турат: кириш бөлүгү, баяндоочу бөлүгү жана корутунду. Кириш бөлүгүндө өкүм КРдин атынан кайсы сот тарабынан, кандай курамда, качан, кайсы жактардын катышуусу менен кимге карата, коюлган кайсы айыптын негизинде чыккандыгы көрсөтүлөт; баяндоочу бөлүгүндө айыптын маӊызы, иштин жагдайы, А. өкүмүн чыгарууга негиз болгон далилдер, айыптоочу тарабынан коюлган далилдердин эмне себептен жокко чыгарылышы көрсөтүлүүгө тийиш; корутундуда соттун кабыл алган чечиминин формулировка сы чагылдырылат. Бул бөлүккө соттолуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана аны актоо тууралуу соттун чечими, мындан тышкары коргоо чарасын өзгөртүү, мүлктү конфискациялоо го доо, буюм далилдери, соттук чыгымдардын бөлүштүрүлүшү көрсөтүлөт. Соттун өкүмүнө карата арыздарды келтирүү тартиби көрсөтүлөт, жыйынтыгында кылмыш иш кыскартылат. Башка өкүмдөрдөн айырмаланып, А. өкүмү күчүнө киргенге чейин эле аткарыла берет. А. өкүмү чыгарылса, соттолуучу ошол замат камактан бошотулат. Акталган адам соттолгон болуп эсептелбейт.
А. Шаршеналиев.